Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

БШК Садыр Жапаровду жарыштан четтетүүгө макул болгон жок


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-декабрдагы отурумунда Садыр Жапаровду президенттик жарыштан четтетүү тууралуу арызды четке какты. Арыз менен башка талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов 9-декабрда БШКга кайрылышкан. Алар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилеп, ошол эле учурда Жапаров өкмөт башчылык кызматтан толук кетпегени да “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды бузат деп билдиришкен.

БШКнын маалыматына караганда, 12-декабрдагы отурумда Садыр Жапаровдун өкүлү оппоненттер белгилеген Конституциянын 68-беренеси президенттин милдетин аткаруучу адамга колдонуларын, ал эми Садыр Жапаров 14-ноябрдан бери андай кызматты аркалабасын билдирди. Ошондой эле Жапаров Баш мыйзамдын 19-беренесине ылайык, премьер-министрлик кызматты орун басарына, 1-вице-премьерге өткөрүп бергенин жүйө кылды.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. БШК ага катышууга ниетин билдирип, тиешелүү шарттарды аткарган 18 адамды 12-декабрда президенттикке талапкер кылып каттап, күбөлүк берди.

9-январга чейин бир айлык үгүт иштери жүрөт.

Кыргызстанда октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары башталып, башаламандык менен коштолгон. Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеди. Жапаров мамлекет башчылыкка талапкер болууга аттанган соң президенттин милдетин аткаруу парламент спикери Талант Мамытовго жүктөлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG