БШК эл аралык уюмдардан 23 байкоочуну каттады

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)12-декабрдагы отурумунда 10-январга дайындалган мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоого ЕККУнун 21, Орусия Боршайкомунун бир, "Аденауэр" фондунун бир өкүлүн эл аралык байкоочу катары каттады. БШКнын маалыматына караганда, 12-декабрга карата 19 өлкөдөн жана тогуз эл аралык уюмдан жалпы 78 байкоочу катталды.

Боршайком президенттикке талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапкан.

БШКга баш-аягы 21 жаран кол тамгаларды өткөргөн. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Бирөө жетиштүү өлчөмдө кол чогулта алган эмес.

14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге расмий күбөлүк берет. 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон мыйзамга ылайык, 10-январда шайлоо менен чогуу референдум болот. Анда кыргызстандык жарандар мамлекеттик башкаруу формасын да тандашат.

Анда жарандардын тандоосуна башкаруунун:

— президенттик;

— парламенттик;

— бардык варианттарга каршы түрлөрү коюлат.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган.

Долбоор парламенттин кароосуна 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар аталган мыйзам долбоору "Референдум тууралуу" конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды деп сындашкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз дипломатиясы: бир аптадагы эки башка билдирүү Эл аралык уюмдар өзбек бийлигин кумсаларга карата куугунтукту токтотууга үндөштүМинскиде "Настоящее время" телеканалынын кабарчысы кармалды АКШнын Жогорку соту 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароодон баш тарттыИран оппозициячыл журналистти өлүм жазасына тарттыБишкекте гендердик теңсиздикке каршы жүрүш болуп өттүГүлжамал экинчи аял болуудан баш тартты...Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы жетекчилик кызматка дайындалды COVID-19: Соңку суткада каза болгондор катталган жок АКШда COVID-19га каршы алгачкы вакцинага уруксат берилди