Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:22

COVID-19: Соңку суткада каза болгондор катталган жок


Кыргызстандагы лабораториялардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы лабораториялардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 341 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Каза тапкандар катталган жок. Бул тууралуу 12-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына(112), Чүй облусуна (93) жана Ысык-Көл облусуна (68) туура келет. Ош шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 35, Баткенде 17, Ош облусунда 14, Таласта 6, Нарында эки адам коронавирус жуктурган.

12-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 447 болду.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 77 059 кишиге жукту. Анын ичинен 69 794 адамдын айыкканы айтылды. Вирустан 1307 адам кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG