Иран бийлиги Рухолла Зам ысымдуу оппозициячыл маанайдагы журналистти өлүм жазасына тартты. Анын онлайн ишмердиги калайыкты 2017-жылы жалпы өлкөдө экономикалык суроо-талаптар менен нааразылык чараларын уюштурууга шыктандырган болчу.
Жарым-жартылай өкмөттүк ИСНА кабар агенттигинин 12-декабрдагы маалыматына караганда, Тегерандын Ыңкылапчыл прокурорунун кеңсеси Замды өлүм жазасына тартуу дарга асуу жолу менен ишке ашырылгандыгын жарыя кылган. Бул кабардан соң, укук коргоочулар ирандык бийликтерди терең айыпташты.
Дагы караңыз Иранда кымбатчылык элди көчөгө чыгардыДарга асуудан бир нече күн мурдараак Ирандын Жогорку соту 47 жаштагы Замды өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган чечим кабыл алган. Жогорку соттун бул чечимине эл аралык коомчулук өз нааразылыгын билдирген.
«Хюман Райтс Уотч» эл аралык укук коргоо уюму Рухолла Замдын дарга асылышын «Ирандын сот бийлигинин жаңы кылмышы» катары баалады жана айатолла Али Хаменейинин өзүн «ушул өлүм жазасынын уюштуруучусу» катары айыптады.
Рухолла Зам Ирандын Ыңкылапчыл соту тарабынан «Жер бетиндеги бузукулугу» үчүн деген кине менен быйыл июнда өлүм жазасына кесилген болчу. Адатта, бул кине тыңчылык кылгандарга же Иран өкмөтүн кулатуу кутумуна тийешеси бар делгендерге карата колдонулуп келет.
Зам уюштурган «Амад-Ньюс» (AmadNews) интернет барагы жана кабар каналы Telegram платформасы аркылуу өз ишин жүргүзүп, 2017-жылдагы калайыктын социалдык нааразылык чараларын кеңири чагылдырып турган.
2009-жылдан кийинки ири нааразылык чарасы болгон 2017-жылдагы бул аракеттер 2019-жылы ноябрда да кайталанган. Өлкөдө 20дан ашуун киши набыт болуп, миңдеген кишилер камакка алынган.
Дагы караңыз АКШ Ирандын Интернеттеги саясатына каршы2018-жылы токтотулган «Амад-Ньюс» кийинчерээк башкача аталыш менен өз ишин жанданткан болчу.
Акыры Рухолла Зам «атайын коопсуздук амалдарына ылайык колго түшүрүлгөндүгүн» Исламдык Ыңкылап Сакчылары кошууну маалымдаган, бирок анын качан жана кайсы жерде кармалганын ачыктаган эмес.
Замдын өзүн өлкөдө да, чет жактагы бозгундар арасында да ишмердиги талаш-тартыштуу инсан катары ар кыл баалап келишчү. Ал абакта жатканда сыналгыда чыгып сүйлөп, бийликтерден кечирим сурагандыгы да маалым. Мурдараак ал өз каналынын мүдөөсү – азыркы режимди кулатуу экендигин да ачык мойнуна алгандыгы бар. Серепчилер Ирандагы абактагылардын бир даары кыйноого чыдабай, бийликтен кечирим суроого аргасыз болушаарын белгилешет. (TT)