Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Ирандын Жогорку соту журналистти өлүм жазасына тартуу боюнча чечимин күчүндө калтырды


Рухолла Зам.
Рухолла Зам.

Ирандын Жогорку соту оппозициячыл журналист жана активист Рухолла Замды өлүм жазасына тартуу боюнча өкүмдү күчүндө калтырды. Бул жөнүндө сот системасынын расмий өкүлү Голайхоссейн Эсмаили 8-декабрда билдирди. Ал сот өкүмү качан чыкканын тактаган жок.

Журналистке карата эң катаал чечим быйыл июнь айында чыккан болчу. Анда Замдын «AmadNews» сайты жана «Телеграм» каналы 2017-жылы башталып, апталап созулган, түмөндөгөн адамдар катышкан өкмөткө каршы нааразылык акцияларын уюштурууга зор өбөлгө болгону айтылган. Ал каршылык акциялары качан жана кайсы жерде өтөрүн, андан тышкары аткаминерлердин кыңыр иштерин жарыялап турган.

Парижде жашап, иштеп жаткан Зам 2019-жылдын октябрында Иранда белгисиз жагдайда камакка алынган. «Чек арасыз кабарчылар» уюму ал Иракта жүргөндө Ирандын Ислам революция сакчылар корпусу тарабынан кармалып, уурдалганын билдирген. Уюм журналистке каршы сотту «ашкере адилетсиз» деп баалаган.

XS
SM
MD
LG