Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы жетекчилик кызматка дайындалды

"Чеченстандын жүрөгү" деп аталган мечит. Грозный шаары.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы Хадижат Кадырова Грозныйдагы мектепке чейинки билим берүү департаментинин башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу 11-декабрда парламенттин төрагасы Магомед Даудов "Инстаграмдагы" баракчасына жазганын "Кавказ.Реалии" сайты маалымдады.

Хадижат Кадырова 20 жашта. Мурдараак анын эжеси Айшат маданият министринин орун басарлыгына дайындалган.

Чеченстанда жетекчилик кызматтарга Кадыровдун жакындары арбын дайындалат. Ноябрь айында президенттин жакын тууганы Хас-Магомед Кадыров өкмөт башчысы болгон. Бир ай мурун дагы бир тууганы Висит Кадыров да жооптуу кызматка жетекчи болуп дайындалган.

Жакын туугандарын жетекчилик кызматтарга дайындоосуна айтылган сын пикирлерге жооп берип жатып, Рамзан Кадыров мындай маселелерге баш оорутпай турганын айткан.

Дагы караңыз

COVID-19: Соңку суткада каза болгондор катталган жок АКШда COVID-19га каршы алгачкы вакцинага уруксат берилдиПрезиденттик шайлоону уюштурууга мониторинг башталдыКыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленип жататЫсык-Көлдө эки балыкчы чөгүп кетти Атайын кызмат артынан түшкөн генерал Мамлекеттик түзүлүш боюнча референдум тууралуу мыйзамга кол коюлдуБишкекте гендердик теңсиздикке каршы марш өтөт