Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинен өтө албай 150 чамалуу жүк ташуучу автоунаа турганын ошол жердеги айдоочулар «Азаттыкка» кабарлашты. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да ырастады. Ага ылайык, 11-декабрь, саат 14:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде 145 жүк ташуучу автоунаа чек арадан өтө албай турат. Ал эми «Кең-Булуңда» - 33 автоунаа, «Чалдыбарда» - 29 автоунаа чек арадан Казакстан тарапка өтө албай турат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, жүк ташуучу машинелердин өтүшүнө кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок. Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде автоунааларды кезеги байкалган жок.
Казак тарап азырынча Кыргызстандан жүк ташуучу машинелерди өткөрүүнү чектөөнүн себебин билдире элек.
Быйыл жай мезгилинде кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 300гө жеткен. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кезек күткөндөрдүн саны Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүп жатканын билдирген.
Кыргыз өкмөтү чек арадагы мындай абал өнөктөш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин маалымдаган. Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитети эки өлкөнүн ортосундагы товарлардын экспорт жана импорт тууралуу маалыматтарда 10 эселик айырма бар экенин билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
«Time» журналы Жо Байден менен Камала Харристи «жыл адамдары» деп таптыЕвробиримдиктин лидерлери Украинага байланыштуу Орусияга каршы экономикалык чектөөлөрдү улантууну жактырыштыТиешелүү кеңешме Конституциянын алгачкы вариантын иштеп бүттүНобелдин тынчтык сыйлыгы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына тапшырылдыБыйыл дүйнөдө зыяндуу газдардын абага бөлүнүшү азайганМаксат Мамытканов чек арага бардыБШК бир катар талапкерлердин кол тамгаларын жарактуу деп таптыМедициналык мекемелерде COVID-19 вирусуна байланыштуу 693 мыйзам бузуу болгону аныкталды