Көз каранды эмес адистер да курамына камтылган АКШнын өкмөттүк комиссиясы америкалык «Pfizer» жана германдык «BioNTech» компаниялары биргелешип COVID-19 илдетине каршы даярдаган вакцинаны чукул кырдаалда колдонуш үчүн буйрук чыгарууну колдоп, 10-декабрда добуш берди. Бул сунушту 17 киши жактады, төрт киши каршы чыгып, бир киши арсар добуш берди. Бул комиссиянын сунушу милдеттүү болуп саналбайт. Эми АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл жүргүзүү мекемеси жакынкы күндөрү бул вакцинаны кеңири колдонууга уруксат бериши күтүлүүдө.
Дагы караңыз Британия вируска каршы вакцинаны биринчи алатКийинки убакта бул вакцинанын оош-кыйыш жактары тууралуу кылдат талкуу жүрүп келет. Айрым адистер вакцина 16–17 жаштагы өспүрүмдөргө кандай таасир тийгизиши ыктымал экендиги тууралуу маалымат аз деп тынчсызданышкан. Комиссия болсо өспүрүмдөргө караганда улуу жаштагылар үчүн бул вакцина алда канча керек экенин белгилеп, бул дарыны добуш берүү аркылуу жактырды.
Эгерде АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл мекемеси бул вакцинаны биротоло тастыктап берчү болсо, анда анын бир нече ондогон миллион дозасы бүткүл өлкөгө таркатыла баштайт. АКШда бул вакцинага алдын ала 100 миллиондой доза үчүн буюртма тапшырылган. Бул дары эки жолудан эмделиши керек, демек, ал 50 миллиондой кишиге жетет.
Дагы караңыз Байден президенттигинин алгачкы 100 күнүндө 100 миллион вакцина менен камсыз кылууга убада берди
Президенттикке шайланган демократ Жо Байден 2021-жылдын январында бийликке келген соң, 100 күндүн ичинде 100 миллион кишини коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылууга убада берди.
АКШда күн сайын каза болуп жаткандардын саны шаршембиде (9-декабрда) 3 миң кишиден ашып, бул алаамат өзгөчө санааркатып турат. Өлкөнүн көп штаттарында карантин чаралары кескин күчөтүлдү.
Улуу Британия натыйжалуулугу 95% түздү делген «Pfizer/BioNTech» вакцинасын азыртадан эле эмдөөгө колдоно баштады. Канада менен Израил да бул вакцинаны колдоп чыкты.
Бул вакцина Целсий көрсөткүчү боюнча бери дегенде 70 градус (даража) муздактыкта кармалышы керек. Мындай жагдай анын дүйнө жүзү боюнча таркатылышына кыйла логистикалык тоскоолдук жаратат. Дүйнөдө вакцинанын башка (орусиялык, кытайлык, америкалык ж.б.) түрлөрү да коронавируска каршы эмдөө үчүн сунушталууда. (TT)