Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Британияда коронавируска каршы эмдөө башталды


90 жаштагы Маргарет Кинан эмдөө учурунда.
90 жаштагы Маргарет Кинан эмдөө учурунда.

Улуу Британияда 8-декабрдан тартып коронавируска каршы эмдөө башталды. Эртең менен өлкөдөгү ооруканалардын биринде 90 жаштагы байбиче эмделип, бул окуя шарттуу түрдө «V-day» («Жеңиш күнү») деп аталды.

Британ бийлиги алгач 80 жаштан жогору кары-картаңдар, карылар үйлөрүндө жашап жаткандар, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер эмделет деп аныктаган. Эмдөө милдеттүү эмес, каалаган адамдар гана алышат.

Бул үчүн коронавируска каршы 95% натыйжалуу болгону кабарланган америкалык «Pfizer» жана германиядагы өнөктөшү «BioNTech» компаниялары чыгарган вакцинанын 800 миң дозасы сатып алынган.

Британиянын өкмөтү өлкө жарандарын азырынча күтүп турууга чакырып, кийинки жылдан баштап вакцина жеткиликтүү болуп каларын түшүндүрүүдө.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча улуттук кызматтын башкы директору Самон Стивенс бул эмдөө «коронавируска каршы күрөштө чечүүчү учур» болот деген үмүтүн билдирди.

Учурда дүйнөнүн башка өлкөлөрү СOVID-19га каршы жапырт эмдөөнү баштаган Британиядагы абалга көз салып турушат.

Алар вакцина Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча жер жүзү боюнча 67 миллиондон ашык адам жугузуп, 1,5 миллиондой адамдын өмүрүн алган пандемияга каршы натыйжалуу болобу деген үмүттө турушат.

XS
SM
MD
LG