Кийинки жылдын бюджетинен 146,8 млрд. сом тышкы карызга, айлыкка, пенсияга, жөлөкпулга сарпталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 172,9 млрд. сом, чыгаша бөлүгүн 181,4 млрд. сом деп көрсөтүүдө. Мунун ичинен 146,8 млрд. сом корголгон беренелер. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу жана вице-премьер-министр Артем Новиковдун маалыматына караганда, мунун ичинен тышкы карыз төлөнөт, бюджеттик кызматкерлерге айлык акы, пенсия жана жөлөк пул берилет.

Кыргыз өкмөтү бюджеттин киреше бөлүгүн салык, бажы төлөмдөрүнөн, мамлекеттик мүлк фондунан жана башка тармактардан түшүүчү акча менен жабууга үмүттөнүүдө.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-декабрда 2020-21-жылдардын бюджетин талкуулап жатат.

Өкмөттүн депутаттарга берген маалыматына караганда, быйылкы жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 139,4 млрд. сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 172 млрд. сомду түздү. Артем Новиков ортодогу 29,8 млрд. сом таңкыстык коронавирус пандемиясынан улам пайда болгонун, бул кенемтени толтуруу үчүн эл аралык уюмдардан акча каражаты алынганын маалымдады. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети өткөрүүнү убактылуу токтоттуТүркияда 216 дарыгер коронавирустан көз жумдуМурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев Финполдо үч сааттан ашык сурак берди (видео)Ирандын сот системасынын мурдагы башчысы Мухаммад Язди дүйнөдөн кайттыБритания менен Евробиримдиктин сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктадыТекебаев: Регламентти бузуп кабыл алган мыйзам үчүн төрага жооп беретБишкектин транспорт башкармалыгынын жетекчиси кызматтан алындыАКШнын Соода комиссиясы «Facebook» компаниясын сотко бердиБашкы прокурор: Матраимовду калкалаган жокпуз11 айда Кыргызстандын экономикасы 8,1% төмөндөдү