Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев Финполдо үч сааттан ашык сурак берди (видео)


Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 9-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) үч сааттан ашык сурак берди.

Сарпашев сурактан кийин «Азаттыкка» өзүнө коюлган айыптарга байланыштуу өз позициясын коргогонго аракет кыларын билдирди.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы иштер боюнча сурак болгонун так айткан жок.

«Сурак башталганда эң биринчи документке анын купуялыгы тууралуу кол коюп бересиң. Ошого байланыштуу мен эч нерсе деп айта албайм. Ишти үстүртөн да айтып бере албайм. Бул юридикалык маселе. Мен андан аттай албайм. Бирок бул процесс уланат. Иш жаңыдан гана башталды. Тергөө бүтүп, сотко кеткенден кийин ачык айтылат. Бирок мен тергөөдө бардык суроолорго ачык жооп бергенге даярмын. Мени буга чейин эки жолу депутаттык комиссия да текшерген. Мен үчүн бул көнүмүш адат», - деди ал.

Финансы полициясы жүргүзүп жаткан сотко чейинки териштирүү иштеринде Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, ал «мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган» деп айыпталууда.

Тайырбек Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. (MiK)

XS
SM
MD
LG