Түркстан: кырсыктан кийинки турмуш

Жеңиш айылы, Мактаарал району, Казакстан. 5-декабрь, 2020-жыл.

Быйыл май айынын башында Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычындагы дамба жарылганда коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Бул апааттан жапа чеккен Түштүк Казакстандын айылдарынын тургундары жаңы турак жайдын сапатына нааразы.

19-октябрда Казакстандын Түркстан облусунун Жеңиш, Жаңы Турмуш жана Достук айылдарындагы 386 үй-бүлөгө Мырзакент айылында курулган жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылган. Мамлекеттин эсебинен курулган үйлөргө жаратылыш газы, электр жарыгы, таза суу киргизилип, борбордук канализацияга кошулуп, жол салынган. Мектеп, бала бакча, оорукана жана полиция бөлүмүн куруу планда бар.

Баян Абдуханова.

Бул айылдын тургуну Баян Абдуханова Өзбекстандагы Сардаба дамбасы жарылганга чейин Түркстан облусунун Мактаарал районунда жашачу. Май айындагы кырсыктан кийин 62 жаштагы Баян Абдуханова үй-бүлөсү менен башка аймакка көчүүгө мажбур болгон. Жайы менен туугандарынын үйүндө баш калкалаган пенсионер октябрда казак бийлиги Мырзакент айылына куруп берген тамга көчүп кирген. Бирок жаңы салынган үйлөрдүн ичи көгөрүп кеткенин айтып кейиди.

«Биз 19-октябрда көчүп киргенде үйдүн ичинде көгөргөн издер бар эле. Эми карайып кетти. Билбейм, эми эмне кылабыз. Чатырдан суу тамчылап жатат деп да айттык. Бир аз оңдогондой болду, бирок жыйынтык жок».

Жаңы курулган үйлөрдүн сапатына нааразы болгон түркстандыктар негизги кирешесинен да кол жууган. Айыл чарбасы менен жан баккан айылдыктар эми пенсиянын жана жөлөкпулдун гана эсебинен жашаганга аргасыз.

Нуржан Жалелов.

«Өкмөт биздин түшүмдүн чыгымын гана төлөп берди. Биз болсо түшүм ала элекпиз. Малдын бир бөлүгүн суу агызып кеткен, айрымдары сатылды, калганы жоголду. Эми электр энергиясына жана газга төлөм келе баштайт. Биз болсо жумушсузбуз. Энемдин пенсиясын гана карап отурабыз», - деди Мырзакент айылынын тургуну Нуржан Жалелов.

Дамба жарылганда суу жууп кеткен Казакстандын беш айылында тургундар дээрлик жок. Айрым айылдарда гана мал чарбасы, күнөскана жана жер менен жан баккан дыйкандар калган.

Жаңы курулган үйлөрдүн дубалдары көгөрүп кеткен. Мырзакент айылы. 5-декабрь, 2020-жыл.

Ал эми райондук акимчилик Мырзакентке жаңы көчүп келгендердин арыз-муңун жүйөлүү деп эсептейт. Райондун акиминин орун басары Сакен Султанханов «Азаттык» радиосунун казак кызматына айткандай, 290 үй ишкерлердин жардамы менен, 96 үй мамлекеттин эсебинен курулган. Курулуш иштерин райондук акимчилик көзөмөлгө аларын билдирген.

«Атайын комиссиянын жыйынтыгында ал аймактагы бардык турак жай жараксыз деп табылган. Анткени алардын 90 пайызынан көбү самандан курулуп, эскилиги жеткен. Бул аймакта жашоо кооптуу деп, элди башка аймактагы жаңы үйлөргө көчүргөнбүз. Үйлөрдүн сапатына нааразычылыктар болгон. Жаан жааганда 10-15 үйдүн чатырынан суу агып, көйгөйлөр жаралды. Подрядчылар ошол замат кемчиликтерди оңдошкон».

Ал ошондой эле суу ташкындан улам малынан айрылгандар кенемте алышканын кошумчалады. Мисалы, кой-эчкиге 35-100 долларга чейин, бодо малга 380-520 долларга чейин төлөнгөн.

Анткен менен жаңы үйлүү болгон тургундар мал-жан кармоого эч кандай шарт жок экенине нааразы. Буга чейин дыйканчылык менен жан баккан айылдыктар бийлик кенемте төлөп гана чектелбестен элге мындан кийин жер иштеткенге да шарт түзүлүшүн талап кылышат.

Өргөбаш айылы, Мактаарал району. 12-май, 2020-жыл.

1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычындагы дамбанын жарылышынан улам Казакстанга чектеш беш айылды суу каптаган. Бир күндөн кийин Түркстан облусунун Мактаарал районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Суу ташкынынан жапа чеккен дыйкандар түшүмдүн түрүнө жараша гектарына 188 миң тенгеден 1 миллион 311 миң теңгеге чейин компенсация алышкан. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун санап чыккан.

Казак бийлиги аймактагы ар бир жабырлануучуга 100 миң теңге (237 доллар) өлчөмүндө материалдык жардам көрсөткөн.