Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору УКМКнын тергөө абагына камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кармалганын 9-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал атайын кызматтын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тергеп жаткан иштеги сотко чейинки иштин алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алган туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп шек саналууда.

Жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында мыйзамсыз акча чогултуу фактысына агенттиктин директорунун катышы бар экени аныкталган. Ал 7-декабрда кармалган.

Аталган агенттикти Каныбек Ботобаев жетектейт.

Ботобаев башкарган мекеме жана шектүү тарап УКМКнын маалыматына комментарий бере элек.

Каныбек Ботобаев 2019-жылдын 7-сентябрында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган. (NT)

Дагы караңыз

Лукашенконун армян бийлигине берген кеңеши шардана болдуОрусияда Мамдума экс-президенттин кепилдиги жөнүндө мыйзам кабыл алдыБөрүбашев: Конституциялык кеңешме юристтердин сунуштарын карап жататЖапаровду жарыштан четтетүү жөнүндө талап