Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:14

Орусияда Мамдума экс-президенттин кепилдиги жөнүндө мыйзам кабыл алды


Мамлекеттик Дума.
Мамлекеттик Дума.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкөнүн экс-президентинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Эми документти Федерация Кеңеши жактырып, президент кол коюшу керек.

Мыйзам күчүнө кирсе, Орусиянын президенттери кызматтан кеткен соң кол тийбестикке ээ болот. Аларды кармоого, камоого жана тинтүүгө, кылмыш жана административдик жоопкерчилигине тартууга тыюу салынат.

Экс-президентти кепилдиктеринен мамлекетке чыккынчылык сыяктуу оор кылмыштарга айыпталган учурда гана Мамлекеттик Думанын сунушу, Федерация Кеңешинин макулдугу менен ажыратылат.

Азыркы мыйзамга ылайык, Орусиянын мурдагы президенттери кызматын аткарып жаткан учурдагы кабыл алган чечимдери үчүн гана кол тийбестикке ээ.

Орусияда учурда бир гана экс-президент бар. Ал - өлкөнү 2008-жылдан 2012-жылга чейин башкарган Дмитрий Медведев.

Көпчүлүк талдоочулар өзгөртүүлөр азыркы президент Владимир Путинге ыңгайлашып кабыл алынып жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG