Финпол автомектептердин салык төлөөдөн качуу схемасын аныктады

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Өзгөн жана Кара-Кулжа район аралык бөлүмү Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачты. Бул тууралуу маалыматты Финполициянын басма сөз кызматы таратты. Ага ылайык, аталган эки райондогу автомектептерден айдоочулук күбөлүк алып, «Инфоком» сайтына катталган курсанттар жөнүндө маалымат менен Мамлекеттик салык кызматы берген маалымат эки ача чыккан.

Натыйжада «А.П.» менчик автомектептердин бирөөнөн эле мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирилгени аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, калган автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилүүдө.

Октябрдагы бийлик алмашуудан бери бир топ мурдагы жана азыркы кызматкерлерге карата коррупция боюнча кылмыш иштери козголууда. Ошол эле учурда алардын айрымдары кармалгандан кийин тергөө менен кызматташып же башка себеп менен эркиндикке коё берилип жатканы коомчулукта талкуу жаратууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Чолпонова: «Азыркы парламент менен өнүкпөйбүз»Британия менен Евробиримдик Түндүк Ирландиядагы чек ара маселесин макулдаштыБайден президенттигинин алгачкы 100 күнүндө 100 миллион вакцина менен камсыз кылууга убада бердиТалапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү Ирандын Йемендеги элчиси АКШнын «кара тизмесине» кирди Норвегиянын парламентине коюлган киберчабуул үчүн орусиялык хакерлер айыпталуудаАКШнын Жогорку соту Пенсилваниядагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Трамптын арызын четке какты"Бизге ВИЧ жуккан. Күрөштү улантабыз"Сергей Лавров Германиядагы ашынган оңчул партиянын өкүлдөрү менен жолуктуАбдил Сегизбаев: Салык менен бажыдагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган