Байден президенттигинин алгачкы 100 күнүндө 100 миллион вакцина менен камсыз кылууга убада берди

Өрнөк сүрөт.

АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байден өзү президенттик кызматка кирген соң алгачкы 100 күндүн ичинде калайыкты коронавируска каршы 100 миллион вакцина менен камсыз кылууга убада берди.

Анын айтымында, алгачкы 100 күндө коронавирусту толук жеңип салам деп убада берүү мүмкүн эмес, бирок бул илдетти жеңүүдө өлкөдө чечкиндүү бурулуш жүзөгө ашырылууга тийиш.

Британдык Грейс Томсон айым «Pfizer/BioNTech» вакцинасы менен өзүн эмдетти. Глазго, Шотландия. 2020-жылдын 8-декабры.

Эгерде АКШ Конгресси каржылык жардам жаатында маалката берсе, анда бул алааматтуу илдетти жеңүү аракети жай-баракат жылышы да ыктымал, деп эскертти Байден.

Ал 2021-жылдын 20-январында өзү бийликке келгенде саламаттык сактоо мекемелерин башкара турган жетекчиликке талапкерлерди 8-декабрда элге тааныштырды. Маселен, Калифорниянын башкы прокурору Ксавьер Бесерра (Xavier Becerra) саламаттык сактоо министринин талапкери болуп калды.

8-декабрда АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек сапатын текшерүү боюнча башкармалыгы америкалык «Pfizer» жана германдык «BioNTech» компаниялары чогуу өндүргөн вакцинага оң баа берген баяндаманы жарыялады. Эми америкалыктарга бул вакциналарды колдонуш үчүн негизги уруксат гана калды. Бейшембиде, 10-декабрда, АКШнын Азык-түлүктүн жана дары-дармектин сапатын текшерүү боюнча башкармалыгы америкалык жана германдык орток вакцинаны жактыруу маселеси боюнча көз каранды эмес адистер менен бирге онлайн жыйналыш өткөрмөкчү.

Ал эми АКШнын президенти Доналд Трамп 8-декабрда Ак Үйдө коронавируска каршы вакцина менен эмдөө боюнча өз өкмөтүнүн программасына арналган жыйынга катышты жана учурдагы вакциналарды жактыруу жүрүмүн мыкты деп баалады.