Румыниянын премьер-министри Людовик Орбан 6-декабрдагы парламенттик шайлоодо өзүнүн бийликтеги партиясы – Улуттук либералдык партия (УЛП) негизги атаандашы болгон Социал-демократиялык партиядан (СДП) кийин экинчи орунда келгендиги үчүн 7-декабрда кечинде кызматынан баш тартты. Экинчи орунда келгенине карабастан, анын партиясы коалициялык өкмөт түзүү аркылуу бийликте кала бериши да күтүлүүдө.
Дагы караңыз Румынияда парламенттик шайлоодо оппозиция алдыга чыктыДобуштардын 95% жакыны саналып бүткөн кезде коммунисттердин мураскору болгон социал-демократтардын партиясы (СДП) 30% жакын добуш алгандыгы, УЛП партиясы андан дээрлик 5% артта экендиги кабарланды.
Людовик Орбан сыналгыда ободо түз чыгып сүйлөп, өз милдетин абийир менен аткарганын баса белгиледи. Анын өкмөтүн оппозициядагы социал-демократтар «коронавируска каршы натыйжалуу күрөшкөн жок» деп айыптап келген болчу.
УЛПнын мурдагы лидери, батышчыл президент Клаус Йоханнис Орбандын билдирүүсүнөн көп узабай, 7-декабрда кечкурун коргоо министри Николае Чукэ мырзаны премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Эми президент Йоханнис парламенттин жаңы чакырылышына өткөн партиялар менен сүйлөшүү жүргүзмөкчү.
Мурдагы өкмөттү башкарып турган чагында жемкорлук жаңжалдарына байланыштуу олуттуу сын-пикирлерге кабылган социал-демократтар «саясий чечимдерди кабыл алуу жүрүмүнөн» обочодо кала бере тургандыгын, башкача айтканда, бул партиянын лидерине коалициялык өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү ыйгарылбай тургандыгын президент Йоханнис 7-декабрда баса белгиледи.
Президент Клаус Йоханнис Евробиримдикти жактаган жана либералдык реформаларды жүргүзүүгө дилгир коалициялык өкмөт куруш үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенүүдө.
Румынияда 6-декабрда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоочулар 136 сенаторду жана 329 депутатты шайлашты. Атаандаш эки негизги партиядан башка да бир нече партия жаңы чакырылышка кирди. Оңчул-чордончул УСР-ПЛУС (USR-PLUS) ынтымагы үчүнчү орунда келди. Парламенттеги бул жана башка партиялардын лидерлери да шайлоодо УЛП партиясынан саал алдыда келген солчул СДП партиясынан өздөрүн оолак кармап жатышат.