Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына коронавирус илдетинен өз алдынча дарылануунун аягы кайгылуу бүтөрүн эскертти. Сурабалдиева өз алдынча дарылануунун кесепетинен Жалал-Абадда тогуз адамдын сегизи көз жумганын белгилеп, ишти иликтөөнү прокуратурага тапшырган.
«Протоколго кирбеген антибиотиктер, гормондор менен дарыланган тогуз адамды жеке бейтапканадан мамлекеттик ооруканага котордук. Сегизи көз жумду», - деп жазды ал.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды коронавирус илдетинен өз алдынча дарыланбоого, оорунун белгилери пайда болору менен дарыгерлерге кайрылууга үндөп жатат.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 7-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада COVID-19 оорусунан эки адам каза болду. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 293 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 121 киши жана Чүй облусунда - 63, Жалал-Абад облусунда - 30, Ысык-Көлдө - 46 бейтап.
Оору жуккандардын жалпы саны 75 395 адамга жетти. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте боз үйгө арналган сүрөт көргөзмө өтөтИИМ: Чүйдө мал уурулук боюнча шектүү топ кармалдыФинпол: Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтардыЖөө күлүк Мария Коробицкая Олимпиадага жолдомо алдыКазакстан коронавируска каршы вакцина чыгара баштайтАкысыз юридикалык жардам сурап 4 миңден ашуун адам кайрылдыКыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлер төрт миңге жакындадыКонституциялык кеңешмеде курултайдын укугун кеңейтүү сунушталдыИИМ: Орусиянын эл аралык издөөдө жүргөн жараны кармалды