Конституциялык кеңешменин 7-декабрдагы жыйынында кеңешменин мүчөсү Батырбек Исмаилов курултайдын укугун кеңейтип, мамлекеттин карамагына өткөрүп берүүн сунуш кылды:
«Курултайдын орду Баш мыйзамда, - деди ал. - Мамлекет тарабынан көзөмөл болбосо, коомдук көзөмөл кыйратпайт. 15 жылдан бери курултай маселесин айтып, деп келе жатабыз, бирок сөз жүзүндө гана калып жатат. 400 айыл өкмөттөн бирден өкүл шайланып, ар бир аймактын көйгөйлөрүн алып чыгат. Курултайды жети дубан, Бишкек, Ош шаарын кошкондо тогуз аймак айланып башкарат».
Ошондой эле курултайга кеңешме органдарды жер-жерлерде түзүү, бул институт аркылуу каада-салт, үрп-адаттарды да көзөмөлдөө боюнча сунуштар айтылды. Мындан тышкары курултайдын фондун түзүү жөнүндө сунуш киргизилди.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова курултай институтунан да маанилүү маселелер бар экенин эскертип, алдыда тышкы карызды төлөө, элдин социалдык абалын жогорулатуу сыяктуу маселелер башкы орунда турганын эске салды.
Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда түзүлүп, ишин баштаган.
Ага 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулоо милдети жүктөлгөн.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.
Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн. Мыйзам долбоору шашылыш түрдө Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан депутаттар ага добуш берген жок. (ZKo)