Акцияга миңдеген адамдар чогулуп, өкмөт башчынын отставкасына 8-декабрга чейин мөөнөт беришти. Эгерде Пашинян кызматын тапшырбаса, жалпы өлкө боюнча жарандык баш ийбестик акциялары башталарын эскертишти.
Арменияда өткөн айда Пашинян Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу үчүн Азербайжан жана Орусия менен үч тараптуу келишимге кол койгондон бери каршылык акциялары токтой элек.
Өкмөт башчы Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар алгач Еревандагы Эркиндик аянтына чогулушту. Каршылык акциясына чыкандар андан ары премьер-министр жашаган өкмөттүк дачага барышты. Ал жактан Никол Пашинянды кызматтан кетишин талап кылып, 8-декабрга чейин мөнөт чектешти.
Дагы караңыз Армения: Карабак келишими саясий кризисти курчуттуОппозициячыл "Дашнакцутюн" партиясынын төрагасынын орун басары Гегам Манукян "Биз бүгүн "Армения саткын Николсуз" деген жаңы ураанды жарыялайбыз", деп айтты.
"Никол, бул сенин өкмөттүк дачадагы соңку күндөрүң. Биз сага өзүңдүн командаң менен талкуулап, кызматтан кетүүгө 8-декабрь, саат 12ге чейин убакыт беребиз. Болбосо бүтүндөй Армения боюнча жарандык баш ийбестик акциялары башталат", -деди "Дашнакцутюн" партиясынын лидерлеринин бири Ишхан Сагателян.
Никол Пашиняндын кызматтан кетишин баш-аягы 17 партия талап кылып жатат жана алар "Ата Мекенди коргоо" кыймылына биришкен. Бул кыймыл өкмөт башчылыкка Улуттук-демократиялык бирикменин лидери Вазген Манукяндын талапкерлигин көрсөткөн.
Оппозиция өкүлдөрүнүн ырасташынча, Манукян премьер-министр болгондо саясий партиядагы ишмердигин токтотот жана өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Ал өзү шайлоого катышпайт, эгер анын партиясы шайлоодо жеңип келсе, анда өкмөт башчылыкка ат салышуудан баш тартат.
Никол Пашиняндын саясий салмагы 10-ноябрда Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышты токтотуу үчүн Азербайжан жана Орусиянын президенттери менен макулдашууга кол койгондон кийин кескин азайды. Документти көпчүлүк армяндар Еревандын жеңилиши катары кабыл алышты.
Үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдардын башына чейин өзү көзөмөлдөгөн аймактарды эле эмес, дагы бир катар райондорду, анын ичинде Карабактын байыркы борбору Шуша шаарын да алды. Макулдашууга кол коюлгандан бери Ереванда калайман каршылык акциялары токтой элек.
Пашинян 5-декабрдагы телекайрылуусунда Еревандын үч тараптуу макулдашууга кол койгондон башка аргасы болбогонун дагы бир жолу белгиледи:
"Карабактагы согушту 9-ноябрдагы документке кол коюп гана токтотуу мүмкүн эле. Биз дипломатияда уттурган жокпуз. Биз соңку 20-25 жылдан берки дипломатиялык жеңилүү жүктөрүнөн арылуу аракетинде уттурдук. Бизди бул согуштан улам Армениянын дипломатиялык өксүгү катары күнөөлөп жатышат. Эл аралык коомчулук Арменияны бара-бара окуппант катары кабыл ала баштаган. Бирок мунун баары соңку эки жылда гана болгон жок",-деди Пашинян.
Пашинян бул кайрылуусунда Азербайжан менен туткундарды «бардык туткундар бардык туткундарга» деген эреже менен алмашыларын айтты. Бирок кызматтан кетишин талап кылган чакырыктарга жооп кайтарган жок.
Жаатташкан тараптар буга чейин туткундар тууралуу тизмелерин Эл аралык "Кызыл Чырым" кайрымдуулук уюмуна тапшырган.
Соңку үч тараптуу макулдашууга ылайык, азери аскерлери ушул айдын башында Тоолуу Карабактагы Лачын районун жайгашкан. Анын алдында Баку Агдам менен Калбажар райондорун алган.
Дагы караңыз Азербайжан Лачын районуна кирдиОк атууну токтоткон келишимдин дагы бир шартынан улам Орусиянын эки миңдей аскери Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуучу катары киргизилген. Алар учурда Арменияны Карабактын жикчил бөлүгү менен байланыштырып турган Лачын өткөөлүн да кайтарып жатат. Бирок бул аймакта орус аскерлери менен катар Түркия да өз аскерлерин тынчтыктын сакталышына көзөмөлдөөчү катары жайгаштыруу аракетин көрүп жатат.
Негизи тынчтык келишиминде алгач Кремль Түркия тууралуу сөз жок экенин, түрк аскерлери аймакка келбей турганын айткан болчу. Бирок түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тараптар аймакка көзөмөл жүргүзүш үчүн биргелешкен борбор түзүүнү макулдашканын айткан. Муну 1-декабрда Түркиянын Коргоо министрлиги дагы бир жолу кайталап, аны Орусиянын аскер мекемеси да ырастаган жана андагы кызматкерлердин саны теңме-тең болмокчу.