Бекматов: БШК референдум менен шайлоону чогуу өткөрүүгө даяр

2016-жылы 11-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо чогуу өткөн. Архивдик сүрөт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 3-декабрда, Боршайкомдун жыйынында билдирди. Анын айтымында, 10-январда президенттик шайлоо менен референдумду чогуу өткөрүүгө БШКнын техникалык мүмкүнчүлүгү жетиштүү.

«Борбордук шайлоо комиссиясында 2500гө жакын добуш берүү участоктору бар, - деп түшүндүрдү БШКнын өкүлү. - Ал эми автоматтык эсептегич үкөктөр жана идентификациялык жабдыктар 5700дөн ашуун. 2,5 миңге жакын шайлоо участогуна экиден үкөк коюлса, дагы 800дөй үкөк резервде калат. 2016-жылы референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону чогуу өткөргөнбүз, ошондой кылып өткөрсөк болот».

3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады. Бирок добуш берүүгө келгенде кворум жетишсиз болгондуктан маселени кароо кийинки отурумга калтырылды.

10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Президенттик жарышка катышарын билдирген жарандар 3-декабрдын акыркы мүнөтүнө чейин өздөрүнүн президент болушуна макулдугун берген шайлоочулардын колу коюлган баракчаларын БШКга өткөрүүгө жана 1 млн. сом күрөө пулун депозиттик эсепке төгүүгө тийиш.

БШКнын маалыматына караганда бүгүн, 3-декабрда президенттик жарышка катышарын билдирген алты киши талапкерлигин алып салды. Алардын арасында экс-депутат жана экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу да бар. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда президенттик жарышка катышууну көздөгөн 36 адам бар.

Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. 4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип чыгат. Он күн аралыгында талапкерлерди каттоо жүргүзүлөт. 15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет. (ZKo)

Дагы караңыз

Атамбаевдин тарапташтары аны тез арада бошотууну талап кылышуудаРеферендум мыйзамы кароого чукул чыгарылды Курсан Асанов чогултулган кол тамгаларды БШКга тапшырдыПрезиденттин өкүлү Калматов «депутаттарга жеке пикирин таңуулады» деген сынга кабылдыКабул талибдер менен сүйлөшүүнүн жолун тактады Министр Токтогазиев: Мал-жандыкты сыртка сатууга чектөө эттин баасы турукташканда алынатHRW туткунга түшкөн армян аскерлери Азербайжанда кыйноого кабылганын билдирди 2020-жыл эң ысык жылдардын бири болду