Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:46

HRW туткунга түшкөн армян аскерлери Азербайжанда кыйноого кабылганын билдирди


Тоолуу Карабактагы согуш учурундагы бир көрүнүш.
Тоолуу Карабактагы согуш учурундагы бир көрүнүш.

Тоолуу Карабактагы согуш учурунда туткунга түшкөн армян аскерлерин Азербайжандын күчтөрү кыйноого алган. Бул тууралуу «Human Rights Watch» уюмунун жаңы баяндамасында айтылат.

Уюм социалдык тармактарда тараган тасмаларды изилдеген. Ал тасмалардан азери аскерлери колго түшкөн армян туткундарын сабап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле күчкө салып Азербайжандын желегин өптүрүп, президент Илхам Алиевди мактаган, ал эми армян премьер-министри Никол Пашинянга акарат келтирген жана «Тоолуу Карабак Азербайжанга таандык» деген сөздөрдү айтууга мажбурлашкан.

«Human Rights Watch» ондогон тасмаларды изилдеп, кыйноого кабылган туткундардын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашкан.

Куралдуу чатактар боюнча эл аралык гуманитардык укукка ылайык туткунга түшкөн аскерлерди кыйноого тыюу салынат. Дал ушундай эле норма Үчүнчү Женева конвенциясында да каралган. Дал ушул жагдайларды эске салган «Human Rights Watch» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон «аскер туткундарына карата зомбулук жана ыдык көрсөткөн мамилени актоого болбойт» деп билдирди.

Армениянын бийлиги учурда Азербайжанда ондогон аскерлер туткунда экенин билдирүүдө.

«Human Rights Watch» уюмунун баяндамасында Арменияда бир нече азербайжан аскери бар экени, алардын ичинен «кеминде үчөө чет элдик жалданма аскер экени» айтылат.

Укук коргоо уюму азербайжандык аскерлерге карата зордук-зомбулук болсо иликтей баштаганын жана жыйынтыгын жарыяларын билдирди.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан тартып алты жумага созулган куралдуу кагылышуу болгон. 10-ноябрда Орусиянын арачылыгы астында үч тараптуу келишимге кол коюлуп, тирешүү басылган. Келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого 2 миңге жакын орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү киргизилди.

XS
SM
MD
LG