Равшан Жээнбеков чогултулган кол тамгаларды БШКга тапшырды

Равшан Жеенбеков

Президенттик шайлоодо ат салышууга чыккандардын бири - Равшан Жээнбеков колдоочуларынын кол тамгасын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырды. Анын штабынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, өлкөнүн түрдүү аймактарынан 45 миңдей адам Жээнбеков үчүн кол коюшкан. Арасынан талапка жооп берген 39 840 адамдын кол тамгасы коюлган баракчалар 3-декабрда БШКга берилди. 2-декабрда миллион сом күрөө да БШКнын эсебине которулган.

БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, кол коюлган баракчаларды тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктайт. Чогулган кол тамагалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. 4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип чыгат. Он күн аралыгында талапкерлерди каттоо жүргүзүлөт.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот. (SE)

Тектеш

Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер документтерин чакыртып алды, 14 киши шайлоо күрөөсүн бердиПрезиденттикке талапкерлердин алгачкысы топтогон кол тамгаларын БШКга тапшырды