СПИДдин ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен көп жугууда

Бишкектеги лабораториялардын бири, 2018-жыл.

Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова Кыргызстанда акыркы жылдары СПИДдин ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен жуккан учурлап көбөйүп жатканын «Азаттыкка» билдирди:

«Паренторалдык, башкача айтканда, ийне аркылуу жугуу жолдору 47%, ал эми жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ жугузгандар 49% түзүүдө. Энеден балага жуккан учур 3% болууда. Ийне менен жуккан жолдордун азайышына алдын алуучу иш чаралар өбөлгө түзүүдө. Жыныстык жол менен көбөйүшүнө элдин өз саламаттыгына кайдыгер кароосу себеп болууда. Мындай жолдо оору жугузгандардын басымдуу бөлүгү 22 жаштан 35 жашка чейинки кара күчкө толуп турган жигиттер менен төрөт жашындагы кыз-келиндер болуп жатат».

Дүйнөдө 1-декабрда СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти.

Оорудан 2170тен ашуун адам каза болду. (BCh)

Дагы караңыз

Өзбекстанда бюджеттик кызматкерлердин айлыгы азайтылдыАКШ: Висконсин штатында Байден жеңгени ырасталды«Каркыра» чек ара бекети жазга чейин жабылдыНАТОнун баш катчысы «Ооганстан боюнча эки ача жол талкууга алынат» деп билдирдиСOVID-19: "Moderna" өз вакцинасын тез арада каттоону сурандыБыйыл ВИЧ-СПИДге каршы иш-чаралар онлайн болот