Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:24

НАТОнун баш катчысы «Ооганстан боюнча эки ача жол талкууга алынат» деп билдирди


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 2020-жылдын 23-ноябры.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 2020-жылдын 23-ноябры.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул аскердик уюм Ооганстандагы өз иш-аракетинин келечегин ушул аптада талкууга алаарын 30-ноябрда билдирди.

Ал эми 1-декабрдан тартып НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери аскердик уюмдун тагдыры тууралуу эки күндүк видео жыйынды баштамакчы.

Столтенбергдин бул билдирүүсү Кошмо Штаттар Ооганстандан бир кыйла аскерин чыгарып кетүүгө камынып жаткан жана талибдердин расмий Кабулга каршы чабуулдары кайра күчөгөн учурга туш келди.

«Биз ача жолдун оор тандоосунда турабыз. Же Ооганстан кайрадан эл аралык террорчулардын баш калкасына айлангандай тобокелчиликке барышыбыз керек, же болбосо ал жерде калып, зомбулуктун жанданган шартында алда канча узак мөөнөттүү милдетти аткаруу тобокелчилигин тандообуз керек», - деди Столтенберг.

Ал тиешелүү чечимди биргелешип акыл калчаган соң кабыл алыш керек экенин кошумчалады.

Гелманд вилайетине сокку урган талибдерден качып чыккан үй-бүлөлөрдүн балдары. Сархруд ооданы, Нангархар вилейети. 2020-жылдын 26-ноябры.
Гелманд вилайетине сокку урган талибдерден качып чыккан үй-бүлөлөрдүн балдары. Сархруд ооданы, Нангархар вилейети. 2020-жылдын 26-ноябры.

Азыркы тапта Ооганстандагы НАТОнун жетегиндеги эл аралык коалициялык күчтөр ондогон өлкөлөр жиберген 11 миңдей жоокерден турат.

17 жылдан ашуун убакыттан бери НАТО Ооганстандагы коопсуздукту камсыз кылууда Кабулга көмөк көрсөтүп жаткан эл аралык күчтөргө жетекчилик кылып келет. Алар Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүнө аскердик таалим жана кеңеш берүүдө. АКШнын аскерлеринин Ооганстандагы аба мейкиндигин көзөмөлдөө, унаа, логистика жаатындагы көмөгү НАТО үчүн дагы эле олуттуу. (TT)

XS
SM
MD
LG