АКШ: Висконсин штатында Байден жеңгени ырасталды

Жо Байден.

АКШ президентин шайлоодо Висконсин штатында демократиялык партиянын талапкери Жо Байден утуп чыкканын аймактын шайлоо комиссиясынын башчысы Энн Жейкобс расмий ырастады.

Жейкобс кол койгон документтерге ылайык, Байден азыркы президент Трамптан 20 700 добушка көп алган. Эми бул жыйынтыкты штаттын губернатору Тони Эверс тастыктоого тийиш. Бир нече саат мурда Байдендин утушун Аризона штатынын расмий адамдары билдиришкен.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өткөн.

Трамптын шайлоо штабы добуш берүүдө жана аны саноодо мыйзам бузулду деген жүйө менен бир нече арызды сотторго жиберген. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү негизсиз деп четке кагылган.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өзүнүн отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт.
Жо Байден 2021-жылдын 20-январында ант берип, кызматка чыгышы керек.

Дагы караңыз

Ош шаарында 1-класстар мектепте окуй баштадыКоронавирустан дагы беш киши каза болдуКоронавируска чалдыккан 733 адам оор абалдаУКМК: Матраимов кайтарган акча боюнча маалымат тергөө аяктаганда берилетБеларуста сот Тихановскийдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартты Анаркулов: Сот бийлиги Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийетБеларуста кезектеги акция кармоо менен бүттүБиринчи Баш мыйзамга кайтуу сунушталды