Кыргызстанда туризмдин көлөмү 90% кемиди

Суусамыр өрөөнү, 2018-жыл, июль айы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы (UNDP) өткөргөн туризм тармагында иштегендер үчүн онлайн тренингде 2020-жылы өлкөдө туризм тармагынын 90% киреше ала албай калганы айтылды.

Аталган программа Кыргызстанда «окуялуу туризмди өнүктүрүү» багытында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустунун ишкерлери үчүн аралыктан окутуу уюштурган.

30-ноябрда тренингдин ачылышы болду. Анда Кыргызстандагы туризмдин кирешеси 2020-жылы COVID-19 вирусунун айынан 80-90% азайганы белгиленди. UNDP уюштурган окутууларга 25 ишкер катышууда.

Иш-чара Туризм департаменти менен бирге өтүп, соңунда катышуучуларга «Туристтик ишмердүүлүктү башкаруу» тармагы боюнча мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет.

Ишкерлер окуялуу туризм, менежмент, англис тили жана туризмдеги санариптик технологиялар багытында билим алып жатышат. (BCh)

Дагы караңыз

Исмаилов: Эркин сот тууралуу сунуш Конституциялык кеңешменин көбүнүн колдоосуна ээ болбой жататCOVID-19: Британия жалпы эмдөөгө кам көрүп жатат Нарында көмүр казган үч ишкана жумушун токтоттуБайден байланыш боюнча башкы кызматтарга аялдарды тандады