Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Байден байланыш боюнча башкы кызматтарга аялдарды тандады


Жен Псаки.
Жен Псаки.

Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Жо Байден коомчулук менен байланыш боюнча башкы кызматтарга жалаң аялдарды көрсөттү. Ага ылайык, Ак үйдүн басма сөз катчысы болуп Жен Псаки дайындалмакчы. Псаки Барак Обама президент болуп турганда, 2011-2013-жылдары Ак үйдүн басма сөз катчысы болгон, кийин эки жыл Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү катары иштеген.

Байден өзүнүн шайлоо штабынын басма сөз катчысы Кейт Бедингфилдди коммуникация боюнча директорлукка сунуш кылды. Байден 29-ноябрда билдирүү таратып: «Мен жалаң аялдардан турган Ак үйдүн коомчулук менен байланыш боюнча жогорку даражалуу тобун сыймыктануу менен жарыялайм. Алар өз тармагындагы кесипкөй жана тажрыйбалуу адистер», деп жазды.

Байден-Харрис өнөктүгүндөгү башкы кеңешчи Саймон Сандерс шайланган вице-президент Камал Харристин башкы өкүлү болот. Байден вице-президент кезинде анын басма сөз катчысы болгон Элизавет Александер болочок биринчи айым Жилл Байдендин коммуникация боюнча директорунун кызматын аткарат.

АКШда соңку президенттик шайлоодо алдын ала маалымат боюнча Байден утту. Шайлоочулар коллегиясы 14-декабрда жыйынга чогулуп, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын жарыяламакчы.

Кошмо Штаттарда шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Азыр Байденде 306 бар, ал эми анын башкы саясий атаандашы, учурдагы президент Дональд Трамп 232 добуш топтоду. Трамп Байдендин жеңишин таануудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG