Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргызстанда кызамык оорусу токтогонун маалымдоодо. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттык» радиосуна мекеменин директору Гүлбара Ишенапысова билдирди:
«Быйыл январдан май айына чейин 730 учур катталган. Июндан бери каттала элек. Июнь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин кызмамык токтоду деп айтсак болот».
Ишенапысованын айтымында, 2017-жылдын декабрында кызамык оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен өткөрүлгөн эмдөөнүн натыйжасында бул оору катталбай калды.
Ноябрь айында ЮНИСЕФ уюму быйыл коронавирус учурунда пландуу эмдөө 1,5 айга токтогондуктан бул ишти кайра күчөтүү жана эл арасында түшндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин билдирди.
Кызамык – өтө жугуштуу оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2018-жылы бул оорудан дүйнөдө 140 адам каза болгон, алардын көбү беш жашка чейинки наристелер болчу. (RK)
Дагы караңыз
ДССУ: дүйнөдө кызамык менен ооругандар кескин көбөйдү Мектепти сагынткан вирустун азабыКыргызстанда дээрлик токтоп калган кызамык оорусу кайрадан катталып жатат Коронавирус «туудурган» сөздөр2019-жыл: медицинанын арышы менен арманы