Быйыл ВИЧ-СПИДге каршы иш-чаралар онлайн болот

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы. Ноябрь, 2020-жыл.

Быйыл ВИЧ-СПИДге каршы эл аралык күн Кыргызстанда «Глобалдык тилектештик, жалпы жоопкерчилик» деген жалпы ураандын алдында өтөт.

Коронавирус пандемиясынан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча бардык программаларга да өзгөртүү киргизилди.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына караганда, быйылкы иш-чаралардын баары онлайн форматта өтөт. «Public Talk» талкуусунда ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо, ВИЧ менен жашаган адамдарга байланыштуу программалар тууралуу сөз болуп, маалымат каражаттарынын, блогерлердин жана дарыгерлердин арасында жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер.

Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Өсмөгө чалдыккан аялдарга кеңеш берүүчү жай ачылатБозгундагы Тихановская мекендештерине тилектештик билдирдиCOVID-19: Европада вирустун курмандыктары 400 миңден аштыТрамп дагы эле «президенттик шайлоодо жеңилген жокмун» деп жататКамчыбек Ташиев: "Эми мындан да катуураак иштейм, үлгүрүш керек"«Манас» эпосу – Жүсүп Мамайдын вариантында да кыргыз рухун ширелтип туратМарадонанын өлүмүнүн чоо-жайы териштирилетСаясатчы Бектур Асанов ачкачылыгын токтоттуЖалгыздыктын терезесинде ыр жараткан Толук Бек Байзак