Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Марадонанын өлүмүнүн чоо-жайы териштирилет


Аргентинанын прокуратурасы футбол жылдызы Диего Марадонанын өлүмү териштириле турганын жекшембиде билдирди. Маркумдун дарыгеринин үйүндө тинтүү жүргүзүү тууралуу буйрук берилди. Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, тинтүү жүргүзүүнү Буэнос- Айрестин жака белиндеги Сан-Исидро шаарчасынын прокуратурасы өтүнгөн.

«Чогултулган далилдердин жана көрсөтмөлөрдүн негизинде догдур Леополдо Лукенин үйүн жана иш кеңсесин тинтүүгө уруксат алууну чечтик» деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Тергөө кандай негизде жүрүп жатканы такталган жок. Мурдараак Марадонанын адвокаты Матиас Мориа футбол легендасынын өлүмүн толук териштирүүнү сураганын айтып, "Тез жардам" өтө кеч келгенин сындаган.

«Тез жардамдын жарым сааттан көп убакытта келиши кылмыштуу макоолук» - деп жазган адвокат бейшембиде "Твиттердеги" баракчасына.

Марадона 25-ноябрда жүрөгү кармап көз жумган.

XS
SM
MD
LG