Жаңы Зеландиянын бийлиги Уайт-Айленддеги жанар тоо жарылганда туристтердин коопсуздугун камсыз кылбаганы үчүн айрым ишканаларды жана жетекчилерди айыптоодо.
«Нью-Зиленд геральд» басылмасы маалымдагандай, 22 адамдын өлүмүнө алып келген шалаакылыгы үчүн он ишканага 1,5 млн. зеландия доллары (1,1 млн. АКШ доллары) өлчөмүндөгү айып пул салды. Мындан тышкары үч жетекчи 211,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө айып пул төлөөгө тийиш.
Бул айыптоолор боюнча соттук териштирүү Окленддин аймактык сотунда 15-декабрда каралат.
Жаңы Зеландиянын Уайт-Айленд аралындагы жанар тоо былтыр, 9-декабрда атылган. Атылуу учурунда аралда 47 адам болгон. Анын ичинен 22 киши набыт болгон.
Дагы караңыз
COVID-19: Европада вирустун курмандыктары 400 миңден аштыТрамп дагы эле «президенттик шайлоодо жеңилген жокмун» деп жататКамчыбек Ташиев: "Эми мындан да катуураак иштейм, үлгүрүш керек"«Манас» эпосу – Жүсүп Мамайдын вариантында да кыргыз рухун ширелтип туратМарадонанын өлүмүнүн чоо-жайы териштирилетСаясатчы Бектур Асанов ачкачылыгын токтоттуЖалгыздыктын терезесинде ыр жараткан Толук Бек Байзак