Бокс: Курама командага умтулган мушкерлер (сүрөт баян)

57 кг. салмакта биринчи орунду талашкан мушкер кыздар - Шахриза Халилова (Бишкек) жана Зухра Курманаева (Ош облусу). Аларга Жамиля Боркоева калыстык кылды. Жыйынтыгында упай менен Шахриза Халилова (кызыл формачан) чемпион болду.

Бокс рефери Назира Рахатова мушкерлерге эрежени түшүндүрүп жатат.

60 кг. салмакта биринчи орунду алган Бегайым Акбалаева. Баткендик мушкер Орусияда мигрант болуп иштейт.

Пандемияга байланыштуу мелдешке көрүүчүлөр киргизилген жок.

Быйылкы чемпионаттын жыйынтыгына жараша бокс боюнча өлкөнүн курама командасы тандалат.

Кээде мушкерлер соккудан эмес, өздөрүнчө тайгаланып кетишет. Ага упай эсептелбейт.  

Бири-бирине сокку урган спортчулар. 

Азия чемпиону, тажрыйбалуу мушкер Азат Үсөналиевге (кызыл формачан) Ысык-Көл облусунан келген Нуржигит Дүйшөбаев татыктуу атаандаш болуп берди. Алар 52 кг. салмакта күч сынашып, Үсөналиев жеңип алды.

Мелдеш эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) эрежесине ылайык өткөрүлдү. Үч мүнөттөн үч раунд. 

Чемпионат Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. 

Күтүүсүз сокку. Нокдаун. 

Мелдеш алдындагы көнүгүү. Сыргак Абдыжапар уулу (69 кг).

Кыргызстандын 2020-жылдагы чемпионатында “Мыкты мушкер” наамы Ысык-Көл облусунан келген Дмитрий Пучнинге (63 кг) ыйгарылды. Ага сыйлык тапшырып жаткан бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону - Орзубек Назаров.

2020-жылкы чемпионат коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жатат.

Мелдеш 24-ноябрда башталып, төрт күнгө созулду. 

Тыныгууда кеңеш айтып жаткан машыктыруучу.

Жеңишке жеткен мушкер атаандашынын машыктыруучусуна спорттук таазим кылууда. 

Кыргызстандын 2020-жылдагы чемпионатында биринчини багынткан мушкерлер. 

24-28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты өттү. Анын жыйынтыгына карап Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат.