Кадамжай районунун 30 жаштагы тургуну бейтааныш үч адам «сен Өзбекстанга жүк өткөрөт экенсин, бизге акча бересиң» деп бир канча жолу акча талап кылышканын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап акча талап кылуу») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында райондун Жаңы-Жер айылында арыздануучудан 2 095 000 (эки миллион токсон беш миң) өзбек сумун опузалап алып жаткан жеринен Кадамжай районунун Жошук айылынын үч тургуну: 40 жаштагы О. А., 33 жаштагы З. М. жана 35 жаштагы Б. А. аттуу жарандар кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган үч жаран мурда оор беренелер менен соттолгондугу жана башка адамдардан да опузалап акча талап кылып жүрүшкөнү аныкталды.
Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. (JsA)
Дагы караңыз
Конституциялык кеңешме «ар-намыска шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деген норманы четке какты Садыр Жапаров: Орус тилин расмий макамдан ажыратуу туура эмесАдвокат: Атамбаевди УКМКда тыңшоо фактысы боюнча иш козголдуУлан Саляновдун өлүмүнө айыпталгандар 15 жана 18 жылга кесилдиТүркмөн бийлиги 45 жаштан өткөн адамдарга жолго чыгууга чектөө киргизди«Аю» компаниясын айланган сур булутГенералдык штабдын башчысы Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы менен жолугушту