Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Түркмөн бийлиги 45 жаштан өткөн адамдарга жолго чыгууга чектөө киргизди


Түркмөнстан. Автобустагы беткапчан жүргүнчүлөр.
Түркмөнстан. Автобустагы беткапчан жүргүнчүлөр.

Түркмөнстандын бийлиги 45 жаштан өткөн адамдарга өлкөдөгү бир аймактан экинчисине сапарга чыгууга чектөө киргизди. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазып чыкты.

«Медиа-Түркмөн» басылма 50 жаштан өткөндөргө өз жашаган шаардан сыртка чыгууга тыюу салынганын жазууда.

«Азаттыктын» чыгыштагы Лепаб дубанындагы кабарчысынын маалыматы боюнча, жергиликтүү саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери мындай чектөөнү 45 жаштан жогорку курактагылар ар түркүн жугуштуу оорууларды жугузуп алышы мүмкүн деп түшүндүрүп жатышат.

Мындай чектөө коронавирусту жайылтпоо максатында болушу мүмкүн. Бирок түркмөн бийлиги мурдагыдай эле өлкөдө коронавирус жок деген позицияны карманып келет.

Буга чейин бул өлкөнүн жарандарына 2021-жылдын 1-январына чейин себепсиз сапарга чыгышына чектөө киргизген. Ага чейин адамдарга беткап тагынуу милдеттендирилип, аны абанын булганышы жана чаңдан коргонуу максаты менен түшүндүрүшкөн.

Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

XS
SM
MD
LG