Улан Саляновдун өлүмүнө айыпталгандар 15 жана 18 жылга кесилди

Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттун өкүмү бүгүн, 27-ноябрда чыкты.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Улан Саляновду өлтүрүүгө айыпталган Эрмек Осмонкуловду 18 жыл эки айга, ал эми экинчи шектүү Асанэмир Абыкуловду 15 жылга эркинен ажыратты. Ал эми үчүнчү шектүү Заур Насруллаев тууралуу сөз болгон жок.

Прокуратура кылмышка шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

Саляновдун эжеси Аида Салянова соттун чечими жумшак болуп калды деген пикирин «Азаттыкка» билдирди:

«Өкүмгө макул эмесмин. Анткени, прокуратура өзү өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Булар 15 жыл отурарына да ишенбейм».

Салянова Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча жогорку сот бутагына даттанарын кошумчалады.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

Бул кылмышка үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектелип, Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвада колго түшүп, 2019-жылы майда Бишкекке жеткирилген. Саляновдун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Орусияда кармалган, Кыргызстанга өткөрүлө элек. (AiN/ZKo)

Дагы караңыз

Казакстанда оппозициячыл партия шайлоону бойкот кыларын жарыяладыАдвокат: Атамбаевди УКМКда тыңшоо фактысы боюнча иш козголдуДССУ ВИЧ илдетин аныктоочу тесттерди көбөйтүүгө чакырдыОктябрь районунун мурдагы акими Куценко үй камагына чыгарылдыЖарандык активист Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикетке чыктыОштогу клиникалык ооруканада жүрөккө татаал операция жасалдыЖыл башынан бери он айда жол кырсыгынан 596 киши мерт болдуЖалал-Абадда ВИЧ-инфекцияга акысыз текшерилүү акциясы жүрүп жатат