Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Жалал-Абадда ВИЧ-инфекцияга акысыз текшерилүү акциясы жүрүп жатат


ВИЧ макамды текшерүүчү түйүндөрдүн бири. Жалал-Абад шаары. 27-ноябрь, 2020-жыл.
ВИЧ макамды текшерүүчү түйүндөрдүн бири. Жалал-Абад шаары. 27-ноябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунда 27-ноябрдан тартып «ВИЧ-СПИД илдети боюнча өз макамыңды бил» деген аталышта акция башталды.

Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Сатарованын маалыматына караганда, облус аймагында илдетти жыныстык жол менен жугузуп алган эркектер көбөйгөн.

Акция учурунда жарандар анонимдүү түрдө, акысыз текшерүүдөн өтө алат. Бул аймактагы бардык район-шаарларда 1-декабрга чейин уланат.

«Иш-чараны уюштурганыбыздын негизги максаты - учурда өзүнүн ВИЧ- инфекциясын жугузуп алганын билбей, башкаларга жугузуу коркунучун жаратып жүргөн жарандардын оорусун аныктап, эртерээк дарылоо. Акыркы учурда облус аймагында илдетти жугузгандардын 62% жыныстык жол менен, 27% кан аркылуу, 5% энеден балага жуккан».

Жалал-Абад облусунда 1087 адам ВИЧ-инфекциясына чалдыкканы аныкталган. Жыл башынан бери 36 жаран ВИЧ жугузуп алган. Алардын 56% эркектер.(TB)

XS
SM
MD
LG