Оштогу облус аралык клиникалык ооруканасынын хирургдары орусиялык дарыгерлер менен кошо жүрөктүн клапандарын алмаштыруу боюнча өзгөчө оор операция жасашты. Бүгүн, 27-ноябрда Орусиянын Е.Н. Мешалкин атындагы медициналык илим изилдөө борборунун дарыгери Олег Крестьянинов менен кошо 86 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө операция жасалды.
Оорукана жетекчисинин орун басары Канатбек Ашировдун маалыматына караганда, улгайган курактагы адамдын жүрөк клапандарын алмаштыруу оңой болмок эмес, бирок чогуу жүргүзүлгөн операция ийгиликтүү аяктады. Операциянын уникалдуулугу - жүрөктүн иштешин токтотпой туруп жасалгандыгында.
Канатбек Ашировдун айтымында, орусиялык дарыгерлер Ошко келип, жүрөк, кан тамыр оорулуу адамдарга зарыл операцияларды жасап жүрүшөт.
Кыргызстанда жүрөк, кан тамыр ооруларынан каза болгондор жалпы өлүм-житимдин жарымына барабар. (ZKo)
Дагы караңыз
Жалал-Абадда ВИЧ-инфекцияга акысыз текшерилүү акциясы жүрүп жататЖарандык активист Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикетке чыктыДээрлик алты миллион долларлык интервенция жүргүзүлдүПрезиденттин парламенттеги мурдагы өкүлү Дыйканбаев эки айга камалдыКонституциялык кеңешме: Орус тили расмий макамдан ажыратылбайтЕвразия өнүктүрүү банкы: Быйыл Кыргызстанда ички дүң өнүм 7,5% кемийт