Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз катчысы Тилек Оторов «Азаттыкка» кабарлагандай, быйылкы он айда жалпысынан 4899 жол кырсыгы катталды. Андан 596 адам каза болуп, 7289 адам түрдүү жаракат алды. Тилек Оторовдун айтымында, бул көрсөткүч былтыркыдан 9,8% аз.
Мектеп окуучулары онлайн форматта окуп, көбүнчө үйдө болгонуна карабай, жаш жеткинчектер катышкан 1051 жол кырсыгы катталды. 75 бала каза болуп, 1227 бала түрдүү жаракат алган.
ЖКККББ маалымат кызматы жол кырсыктарына айдоочулардын рулда телефонго алаксып кеткени себеп болгон учурлар арбын экенин эскертүүдө:
«Биздин иш тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн айдоочулар автоунаа айдап бара жатып телефондон кат алышып, сүйлөшүп же тамактанышат. Адамдын алаксып кетиши үчүн көп убакыт талап кылынбайт. Натыйжада автоунаа башкарууда башка бир нерселерге алаксып айдоо жаман жыйынтык алып келген учурлар, тилекке каршы көбөйүп бара жатат».
Тилек Оторовдун айтымында, мас абалында автоунаа айдагандардын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылган учурлар да аз эмес. Мындан тышкары статистика көрсөткөндөй жол кыймыл эрежелерин сактабай айдоо, ылдамдыкты күчөтүү, аралыктын сакталбашы да кайгылуу окуяларга алып келген учурлар арбын.
Ноябрь айында эле жол кырсыгынан набыт болгондордун саны онго чукулдады.
8-ноябрда Ош-Исфана жолунда, Рават айылынын аймагында болгон жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды. 7-ноябрда Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү көз жумду. 20-ноябрь күнү Чүйдө жөө адамды авирунаасы менен сүзүп өлтүрүп, качып кеткен адам кармалган. (ZKo)
Дагы караңыз
Жалал-Абадда ВИЧ-инфекцияга акысыз текшерилүү акциясы жүрүп жатат«Аю» компаниясын айланган сур булутЕвразия өнүктүрүү банкы: Быйыл Кыргызстанда ички дүң өнүм 7,5% кемийт Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиДээрлик алты миллион долларлык интервенция жүргүзүлдүКоронавирус бир күндө 377 адамдан табылды, дагы беш бейтап каза болдуСуваналиев: 6-октябрдан кийин криминал бийликти алууга аракет кылды