Жалал-Абадда ВИЧ-инфекцияга акысыз текшерилүү акциясы жүрүп жатат

ВИЧ макамды текшерүүчү түйүндөрдүн бири. Жалал-Абад шаары. 27-ноябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунда 27-ноябрдан тартып «ВИЧ-СПИД илдети боюнча өз макамыңды бил» деген аталышта акция башталды.

Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Сатарованын маалыматына караганда, облус аймагында илдетти жыныстык жол менен жугузуп алган эркектер көбөйгөн.

Акция учурунда жарандар анонимдүү түрдө, акысыз текшерүүдөн өтө алат. Бул аймактагы бардык район-шаарларда 1-декабрга чейин уланат.

«Иш-чараны уюштурганыбыздын негизги максаты - учурда өзүнүн ВИЧ- инфекциясын жугузуп алганын билбей, башкаларга жугузуу коркунучун жаратып жүргөн жарандардын оорусун аныктап, эртерээк дарылоо. Акыркы учурда облус аймагында илдетти жугузгандардын 62% жыныстык жол менен, 27% кан аркылуу, 5% энеден балага жуккан».

Жалал-Абад облусунда 1087 адам ВИЧ-инфекциясына чалдыкканы аныкталган. Жыл башынан бери 36 жаран ВИЧ жугузуп алган. Алардын 56% эркектер.(TB)

Дагы караңыз

Дээрлик алты миллион долларлык интервенция жүргүзүлдүКоронавирус бир күндө 377 адамдан табылды, дагы беш бейтап каза болдуСуваналиев: 6-октябрдан кийин криминал бийликти алууга аракет кылдыУлукбек Кочкоров: президенттин эбегейсиз укугу эбегейсиз жоопкерчиликти талап кылатСуваналиев Башкы прокуратуранын Мадумаров боюнча кайрылуусун туура эмес деп эсептейтДүйнө эли Марадона менен коштошууда«Клооп» Чаткалдагы кабарчысынын суракка чакырылышын басым катары бааладыДин тутуу эркиндиги толук камсыздала элекСаясатчы Бектур Асанов ачкачылык баштай турганын жарыяладыӨзбекстан медициналык максатта кара куурай өстүрөт