Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Саясатчы Бектур Асанов ачкачылык баштай турганын жарыялады


Бектур Асанов эркиндикке чыккан учур. 12-февраль, 2019-жыл.
Бектур Асанов эркиндикке чыккан учур. 12-февраль, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов 27-ноябрдан тартып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу ал 26-ноябрда басма сөз жыйынында кабарлады. Ал мунун себебин өзүнүн сот иштери улам жылып жатканы менен байланыштырды:

«Мага 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралышы керек эле. Бирок «соттук коллегиянын курамы толук эмес» деген негиз менен отурумду 10-декабрга жылдырышты. Бул саясий буйруктун негизинде, мени президенттик шайлоого катыштырбоо максатында, атайын жасалып жатат», - деди Бектур Асанов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-ноябрда Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен. БШК Асановдон башка президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген 12 жарандын документин да артка кайтарган.

Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясатчылар Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен кошо «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык караган, алар ошол жылдын 12-февралында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган. (MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG