Кызыл-Кыяда милиция коомдук жайда тамеки тартуу фактысы боюнча 35 протокол түзгөн

Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Кызыл-Кыя шаарында коомдук жайларда тамеки тарткан жарандарга Тартип бузуу кодексинин 53-беренесинин («Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу») негизинде 35 протокол, ал эми коомдук жайларда спирттик ичимдиктерин ичкен жарандарга 81-беренесинин («Коомдук жайларда баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү») негизинде 27 протокол түзүлүп, айып пулдар салынган.

Тыюу салынган жайларда тамеки тартуу үчүн Тартип бузуу кодексинин 53-беренесинин негизинде биринчи категориядагы айып пул - бир миң сом чегерилет.

Учурда Баткен облусунда милиция кызматкерлери коомдук жайлардагы тартип бузуунун алдын алыш үчүн жарандар менен иштеп жатканын Баткен облустук ички иштер башкармалыгы «Азаттыкка» 25-ноябрда маалымдады.

Кыргызстанда курагы 18 жаштан жогорку калктын 25% ашыгы тамекиден көз каранды. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, чылым тарткандардын 48,2% эркектер, 2,7% аялдар түзөт.
Бир нече жылдан бери коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган. (JsA)

Дагы караңыз

БУУнун жумушчу тобу казак активисти мыйзамсыз камалган деп эсептейт Көркөм дүйнөнүн көкөйүнө тийген плагиатФранция: Макрон эпидемиянын экинчи толкунунун курч маалы артта калганын билдирдиАтамбаевдин соту ачык өтмөй болду, судья анын үч ишин бириктирип кароону чечтиПутин байларга салынчу салыкты көбөйткөн мыйзамга кол койдуДепутат маянаны, пенсияны, жөлөк пулду өкмөт качан көтөрөрүнө кызыктыБайден өз администрациясынын мүчөлөрүн сунуш кылды