Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Путин байларга салынчу салыкты көбөйткөн мыйзамга кол койду


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык тапкан-ташыганы беш миллион рублден ашкан жарандардан 15% киреше салыгын алуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремлдин сайты кабарлады. Ага ылайык байларга салынчу салык келерки жылдын 1-январынан тартып жогоруламакчы. Ал эми кирешеси беш миллионго жетпеген тараптардан 13% киреше салыгы алынат.

Жаңы өлчөм кирешенин бардык түрүнө, анын ичинде дивиденддерге, батирлердин ижараларына, чет өлкөлүк компаниялар көзөмөлдөгөн кирешеге, маселен камсыздандыруудан, кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акчага да колдонулат.

Өкмөттүн эсебинде жаңы киреше салыгын 1% ашык жаран төлөйт жана анын эсебинен жылына 60 миллиард рублден ашык акча чогулмакчы.

Бийлик чогулган каражат катуу жана сейрек кездешчү дартка чалдыккан балдарды дарылоого жумшаларын билдирген.

XS
SM
MD
LG