«Илиястын ырын» жазган Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн кайтты

Жолдошбек Бузурманкулов, акын, журналист.

Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындарынын айтымында ал акыркы күндөрү ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолунун 33 жылын милицияга арнаган. ИИМдин басма сөз кызматында иштеп жүрүп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.

Жолдошбек Бусурманкулов даңазалуу «Долондон канатымды кайрып алдым» («Илиястын ыры»), «Жүрөккө сүйүү из салса» аттуу обондуу ырлардын сөзүн жазган. (ZKo)

Дагы караңыз

Улуттук банк сатыкка дагы 1,6 миллион доллар чыгардыКоронавирустан бир күндө төрт бейтап көз жумду, 378 адам жаңы катталдыПандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйгөнМэрия Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратын жаңылап, ага шаардык кеңешти көчүргөнү жататЭксперт: Прокуратуранын укугун кеңейтип, тергөөгө чейинки текшерүүнү кайтаруу аракети жүрүп жататҮмүтжан: Сүрөт тартып жатканда кайгымды унутам26-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат