Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Эксперт: Прокуратуранын укугун кеңейтип, тергөөгө чейинки текшерүүнү кайтаруу аракети жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сунуш кылынып жаткан Конституциянын жаңы долбоорунда прокуратуранын укугун кеңейтип, тергөөгө чейинки текшерүү деген ыкманы кайра алып келүү аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, көз каранды эмес эксперт Гүлмира Маткеримова кеңешменин жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Маткеримова Совет учурундагы жазалоо элементтерине негизделген ыкмадан арылуу аракети 2017-жылы бир катар кодекстер өзгөртүлгөндө ийгиликтүү ишке ашканын белгилеп, ошондогу калыс жана ачык соттук-укуктук реформанын жетишкендиктерин жоготуп алууга жол бербеш керек экенин айтты:

«Конституциянын долбоорунан буга чейинки жетишкендиктердин баарын жок кыла турган кээ бир нерселерди көрүп жатабыз. Мисалы, тергөөгө чейинки текшерүүнү кайра алып келүү, башкача айтканда, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрин (КЖБР) жокко чыгаруу сунуш кылынууда. Прокуратура ыйгарым укуктарын кеңейтип, тергөө укугун кайра өзүнө алгысы келип жатат. Тергөөгө чейинки териштирүү – бул буга чейинки кодекстеги укукка таптакыр жатпаган, жазалоочу, репрессиялык стадия болчу. Күч органдары баарын каалагандай кыйначу. Ал жерде опузалоо да, зордуктоо да болчу. Адамдар бул машинага каршылык көрсөтө алчу эмес. Кызматкерлер кылмыш иштерин жылдап жанында көтөрүп жүрчү да адамдарды ошону менен «иш козгойбуз» деп коркутуп, шантаж кылчу. КЖБР 24 саат деп чектелгендиктен күч кызматкерлерине адамдарды кемсинтүүгө, аларды кыйноого мүмкүнчүлүк бербейт. 24 саат ичинде каттоо болот, дароо тергөөчү, прокурор жана адам укугуна жооп берүүчү тергөө судьясы жана адвокат киришет. Бул ыкма адамдарга күч түзүмдөрүнүн катаал машинасынан коргонууга жардам берет».

Маткеримова азыр КЖБРга каттоо мөөнөтүн 3-10 күн кылуу тууралуу сунуштар айтылып жатканын билдирип, андайга жол бербеш керек экенин айтты.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирген.

Мурда кылмыш үчүн шектүү катары кармалган адам боюнча алгач прокуратура текшерүү жүргүзүп, санкция берчү. 2019-жылы кирген кодекстерге ылайык, адам кармалса анын жанында адвокат болушу талап кылынат жана материалдар бардык тараптар үчүн ачык көрүнүп туруучу КЖБРга катталып, бөгөт чарасын сот аныктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG