Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк курамын кайра кароо маселеси көтөрүлдү

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын: КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракцияларынын лидерлери мурдагы президент, экс-спикер жана мурунку өкмөт башчы менен жолугушууда. 2018-жыл. (Архивдик сүрөт).

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн курамын карап чыгууну сунуш кылды. Бул тууралуу депутат парламенттин 25-ноябрдагы жыйынында айтып, коалициянын буга чейинки ишмердигин сындады:

«Атамбаев кеткенден кийин коалициялык көпчүлүк аны жамандап, кол тийбестигин алып Сооронбай Жээнбековдун сөзүн сүйлөй баштаган. Ошол эле көпчүлүк эми октябрь окуяларынан кийин башкаларды колдоого өттү. Жаңы президент же президенттин милдетин аткаруучу «Сооронбай Жээнбековду жамандагыла» десе коалиция ага да даяр. Мындай жол менен бара берсек коалициялык көпчүлүк шайтанга деле кызмат кылууга даяр экен».

Бекешев коалицияга кирген фракциянын лидерлерине кайрылып, аны жаңылоо боюнча ойлонуп көрүүнү сунуш кылды. Депутаттын сөзүнө караганда, «Республика - Ата Журт» фракциясынын коалицияны жетектөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзөт. Аны КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жетектейт.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкта. (BTo/ZKo)

Дагы караңыз

БШК: Президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлиги каралуудаПрезиденттик шайлоо, талапкерлердин нааразылыгы Жапаров-Текебаев тиреши курчудуКоронавирустан бир күндө төрт бейтап көз жумду, 378 адам жаңы катталдыПандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйгөнЭксперт: Прокуратуранын укугун кеңейтип, тергөөгө чейинки текшерүүнү кайтаруу аракети жүрүп жататКытай Ай кыртышын чогултуш үчүн космостук аппаратын учурду