Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балатыны орнотуу иши башталды. 23-ноябрда балатынын темир каркастары орнотулду. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, быйыл жаңы балаты алынбайт, өткөн жылдагысы колдонулат.
Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башчысынын орун басары Каныбек Исаков «Азаттыкка» билдиргени боюнча жалпысынан балатыны, борбордук аянтты, шаарды жаңы жылдык жасалгалоого калаа бюджетинен 1 млн сом бөлүнгөн.
«Балатыны жасалгалоо бир топ күндү талап кылат. Быйылкы каржылык тартыштыкты эске алып, жаңы жылдык жасалгаларга мурунку жылдардан аз акча сарпталат», - деди ал.
Былтыр шаардык казынадан жаңы жылдык иш-чараларга жалпы жонунан 1 миллион 350 миң сом бөлгөн. Борбордук аянта орнотулган балатынын бийиктиги 28 метрге жеткен. (TB)
Дагы караңыз
УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев: Текебаевдин, Жапаровдун камалышы саясий иш болгон эмес Жапыкеев: Бизнеске кысым кылгандарга катаал чара көрүлөтСоцфонддун төрагасынын бөгөт чарасы аныкталдыКонституциялык кеңешменин курамы сынга кабылдыCOVID-19: Абалы өтө оорлор көбөйүүдөКоронавирустан дагы төрт киши көз жумду, 481 бейтап жаңы катталдыСадыр Жапаров: Атын ачыкка чыгарбоону суранып, экономикалык мунапыс менен акча төккөндөр бар«Улуттук энергохолдинг» кышкы сезонго даяр экенин кабарлады