Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

COVID-19: Абалы өтө оорлор көбөйүүдө


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустун айынан абалы өтө оорлоп кеткен бейтаптар көбөйүүдө. Расмий маалыматка караганда, ооруканада жаткан 2948 бейтаптын арасынан 64үнүн гана абалы канааттандырарлык, калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат.

24-ноябрга карата расмий маалыматка караганда, бейтаптардын 4,9% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 147 адам. Бир апта мурда абалы өтө оорлордун саны 113 болчу.

800 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 27% түзүүдө.

Мындан тышкары 1937 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 66% барабар.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1241и көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG