Жапыкеев: Бизнеске кысым кылгандарга катаал чара көрүлөт

Коррупция. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Сыймык Жапыкеев мындай эскертүүсүн жумалык ыкчам кеңешме учурунда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Кеңешмеде ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.

Маалыматта айтылгандай, Сыймык Жапыкеев пандемиялык кырдаал бизнеске терс таасир тийгизгенин белгилеп, эми анын укугун коргоочу орган катары Финпол ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экенин эскертти:

«Биздин башкы жана негизги милдетибиз - бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүшүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү ишкердик климатка ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеши керек. Мындай укук бузуу фактылары мыйзамга жана бизнес эркиндигине ишенимди кетирет».

Жапыкеев ириде Финполдун кызматкерлери өздөрү ишкерлерге мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотушун талап кылып, мунун баарын жарандарды жана ишкерлерди жеке кабыл алуу менен көзөмөлгө аларын кошумчалады. Финполдун кызматкерлери бизнеске кысым көрсөтүп, коррупциялык иштерге аралашканы байкалса, катаал чара көрө турганын эскертти.

Сыймык Жапыкеев Финполицияга жетекчи болуп 17-октябрда дайындалган. Ал мурда прокуратурада иштеген. Кийинчерээк «Чоң Казат» уюмунун лидери катары таанылып, ушул аталыштагы партия менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан. Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап жүрөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Конституциялык кеңешменин курамы сынга кабылдыCOVID-19: Абалы өтө оорлор көбөйүүдөКоронавирустан дагы төрт киши көз жумду, 481 бейтап жаңы катталдыСадыр Жапаров: Атын ачыкка чыгарбоону суранып, экономикалык мунапыс менен акча төккөндөр бар«Улуттук энергохолдинг» кышкы сезонго даяр экенин кабарлады24-ноябрда президенттикке талапкер болууга арыз бергендер басма сөз жыйынын өткөрөт