«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Нурбек Козубеков бардык энергетикалык компаниялар пландык оңдоп-түзөө иштерин аяктап, жылытуу мезгилине толугу менен даяр болгонун маалымдады.
Бул тууралуу Козубеков президенттин милдетин аткарып жаткан парламент спикери Талант Мамытов менен 23-ноябрда жолуккан учурда билдирди.
Козубеков энергетика тармагындагы бардык компаниялардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат берди. Мамытов калкка электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү зарыл экенин белгиледи.
«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Нурбек Козубековдун маалыматында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 23-ноябрга карата 14,1 млрд. куб метрди түздү. Быйыл анда бир жыл мурдагыга караганда суу 2,4 млрд. куб метрге аз топтолду.
5-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров суу аз топтолгону үчүн Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып аларын билдирген. (TSh)
Дагы караңыз
Текебаев: Мени депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу сот чечими - саясий чечимОрусияда коронавирус 25 миңден көп кишиден аныкталдыБайден командасынын мүчөлөрүн сунуш кылатНетаньяху Сауд Арабиясына тымызын барып келди Кыргызстандан ителги алып кетүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалдыКош маанилүү "Сен кимсиң?!." деп опурулуу жөнүндө бир ооз сөзЧымкентте ондогон аял нааразылык акциясына чыкты